Menu

Казакстан ТИМи чек арадагы Сладкое көлүнүн демаркациясы боюнча билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Орусия Казакстанга Сладкое көлүн белек кылды деп айтуу — туура эмес болуп калат. Бул тууралуу Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди.

«Биринчиден, Орусия Казакстанга көлдү белек кылды деп айтуу туура эмес болуп калат. Анткени анын бир бөлүгү башынан эле Казакстандын аймагында жайгашкан. Чек ара 2005-жылы 18-январда эки өлкө ортосунда макулдашылган келишимге ылайык аныкталган. Чек аранын аталган бөлүгүндө орус жана казак тарап менен макулдашылган чек ара белгилери да орнотулган эмес», – деди Жайнаков.

Казакстандын Орусиядагы элчилигинин сайтындагы маалыматка ылайык, делимитациялык каратада эки өлкөнүн аймагын бөлүп турган көлдүн 70 пайызы Казакстанга, 30 пайызы Орусияга тиешелүү экендиги көрсөтүлгөн.

Орусиянын Новосибирск облусунда жайгашкан Сладкое көлүнүн Казакстанга берилгендиги тууралуу маалыматтар кечээ бир катар казакстандык жана орусиялык ММКларда пайда болгон.

Сладкое көлү Новосибирск облусунун Купинский районундагы Покровка кыштагынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Көл бетинин аянты 45 гектарды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: