Menu

Нью-Йорктогу спортзалда таанышкан кемпир-чал 8 жыл сүйлөшүп жүрүп, акыры үйлөнүү тоюн өткөрүштү: кемпири 98, чалы 94 жашта

Бөлүшүү:

Нью-Йорк штатынын Мидлтаун шаарында жайгашкан Middletown City Hall до 98 жаштагы Гертруда Мокотофф менен 94 жаштагы Элвин Манндын үйлөнүү үлпөт тою өткөрүлдү. Тойго жуптардын достору, балдары жана неберелери болуп 50гө жакын адам катышты. Түгөйлөр мындан 8 жыл мурда Мидлтаундагы спортзалдардын биринен таанышышкан.

“Экөөбүздүн бир таанышыбыз мага өтө сулуу, жаш леди менен таанышкың келбейби деп сурап калды” – деп эскерет Манн The New York Times басылмасына берген маегинде.

Биринчи жолугууда мурдагы бизнесмен, Mount St. Mary колледжинин эң картаң бүтүрүүчүсү сүйүктүүсүн, Мидлтондун мурдагы мэри  Мокотоффту Something Sweet деп аталган ресторанга алып барган.

“Ал өзүн накта джентльмен сыяктуу алып жүрдү”, – деп эстейт ал учурду Мокотофф.

“Мен албетте анын жашы тууралуу тамашалап жаттым. Бирок жаштагы айырмачылык мени эч качан тынчсыздандырган эмес, мен андыктан аны эч кайда коё бербейм деп чечтим” , – деп айтып берди Манн.

Бирок, биринчи кадамды Мокотофф жасаган. Бир күнү кечинде ал экөө Нью-Йорктон үйлөрүнө кайтып келе жатканда, Мокотофф Манндын колун сураган.

“Мен андан мага үйлөнүүсүн сурандым. Анын артынан аңдып жүрүп чарчадым”, – деди Мокотофф.

Ошентип 2017-жылдын 5-августунда Мокотофф көк көйнөкчөн, колунда букет гүлү менен турмушка чыкты.

Манн карылык сандар эмес экендигин айтат. “Биз куракты тоскоолдук катары көрбөйбүз, биз дагы деле каалаганыбызды кылабыз” – деген ою менен бөлүштү Манн.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: