Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, анда депутат Абдывахап Нурбаев өлкөдө мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтып, бизнеске, экономикага эркиндик берүү керектигин айтты.
Анын айтымында, эгерде кийлигишпей, эркиндик берилсе анда мамлекет, коом өнүгөт.
“Өлкөдө мамлеккеттин кийлигишүүсүн азайтып, бизнеске, экономикага эркиндик берүү керек. Өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карап көрсөк, кайсыл жерде мамлекет экономикага, жарандык коомго кийлигишпей эркиндик берсе ошол коом өнүгөт. Бизде 2000-жылдан 2005-жылга чейин өнүккөн убакыт болгон. Ошол убакытта мыйзамдарды либиралдаштырып, мамлекеттин кийлигишүүсү азайып, бизнесте өнүгүү болгон. Бирок акыркы убакта артка кетип жатат”, – деди депутат Нурбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ