Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн, 16-августта, иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортунан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Бүгүн, Бишкекте эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ