Menu

КР ЖК парламенттик көпчүлүк коалициясы Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына сынак жарыялады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясы “Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн жана 5-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 1 бош мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү жөнүндө жарандык коомдон (окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан) жазуу жүзүндө келип түшкөн сунуштарды кабыл алуу тууралуу жарыялады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

“Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык аталган Кеңештин курамына сунушталган адамдар төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:

-Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

-чет мамлекеттин жараны болбоого;

-кандайдыр бир партияда турбоого;

-кынтыксыз абройлуу, коомдо кадыр-барктуу болууга;

-соттуулугу, анын ичинде алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу болбоого.

Ошондой эле кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо ага карата реабилитацияланган негиздер боюнча жазык териштирүү иштери токтотулган адам болушу Кеңештин мүчөсү мүмкүн эмес.

Жарандык коомдон көрсөтүлгөн Кеңештин мүчөсү 30 жаш куракта болушу, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажысы жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам болушу керек.

Кеңештин мүчөлөрү тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары сотко катышууга укуксуз.

Мында көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык төмөндөгү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт:

1) мурда туура эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьясынан кызмат ордунан бошотулгандар;

2) укук коргоо органдарынын кызматкеринин наамын булгаган же “Адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар;

3) ишке жарамсыздар же жарамдуулугу чектелгендер;

4) аларга карата жазык иш өндүрүшү токтотулгандар же реабилитациялык эмес негиздер боюнча жазык иштери токтотулуп тургандар;

5) мамлекетте же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы үлүшү элүү жана андан ашык пайызды түзгөн башкаруу уюмдарынын органдарында иштегендер;

6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын карамагында болгондор;

7) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде катталгандар.

Жарандык коомдон (окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан) келип түшкөн сунуштар жана талапкерлердин мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн документтери төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча 2017-жылдын 8-сентябрына чейин кошо алганда кабыл алынат:

Бишкек шаары, Чүй проспекти – 205.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясы,

Тел.: 63 92 14, 63 9213

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: