Menu

Каримовдун резиденциясынын айланасындагы тосмо алынды

Бөлүшүү:

15-августта куруучулар Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жумушчу оруну болгон «Оксарой» резиденциясынын айланасындагы темир тосмону алышты. Азыр анын жанына маркум президенттин эстелигин орнотууга даярдык көрүү иштери жүрүүдө.

Ислам Каримовдун мурдагы резиденциясынын аймагына орнотулчу эстелигин 1-сентябрда ачуу пландалууда. Андан сырткары анда туңгуч президенттин музейин ачуу каралууда.

Өлкөнүн учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев Каримовдун шаар сыртындагы эки резиденциясы менен катар бул резиденциясын да пайдаланган жок. Өткөн айдын соңунда өлкө башчы Чирчик суусунун жээгине курулган жаңы резиденцияга көчүп барган.

Ушул жылдын 25-январында Мирзиёев «Өзбекстандын биринчи президентинин элесин түбөлүк калтыруу тууралуу» токтомго кол койгон

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: