Menu

Трамп чек арадагы аскерлердин мигранттарга ок атуусуна уруксат берди

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп америка-мексика чек арасындагы аскерлерге зарыл болгон учурларда Борбор Азиядан келип жаткан мигранттарга карата ок атууга уруксат берди. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Трамп мигранттардын арасында «жүздөгөн кылмышкер» бар экенин жана анда «башка тандоо жок экенин» айтты. Ошол эле учурда президент миганттарга ок атуу зарылдыгы жаралбайт деген үмүтүн билдирип, Мексика менен чек араны биротоло жабуу мүмкүндүгүн дагы четке каккан жок.

Апта башында АКШнын Коргоо министрлиги башаламандык чыкса жана бажы кызматкерлери менен чек арачылардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, мигранттарга каршы курал колдонууга уруксат берген. Америка мыйзамдары тынч убакта армияга полициянын ыйгарым укуктарын берүүгө жол бербейт.

АКШнын түштүк чек ара аймактарына Латын Америка өлкөлөрүнөн келаткан мигранттардын агымы жакындоодо. Алар Кошмо Штаттардан башкалка сурооно пландап жатышат. Трамп буга чейин мигранттардын арасында кылмышкерлер да бар экенин айтып, чек арага алты миңге жакын аскер кызматкерин жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: