2017-жылдын 14-августунда Фритаун шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен суу ташкындары жана жер көчкүлөрү пайда болду. Аталган кырсыктардан Сьерра-Леонеде (Батыш Африка) 400дөн ашык адам каза болгон. Фритаун шаарындагы борбордук өлүкканага 200 адам жеткирилген.
Каза болгон адамдардын саны дагы көбөйүүсү мүмкүн деп айтылууда.
Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен турак үйлөр кыйрап, болжол менен 2 миң адам турак үйсүз калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ