Menu

Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда өпкөсү кагынып ооруп жаткандарды дарылаш үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат.

1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жаткандыктан чет өлкөлөрдөн жардам суралды.

«Бүгүн Орусиядан күтүп жатабыз. 3-июлда Кытайдан келет. Түркия менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандар үчүн жаңы ачылган орундарды медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу боюнча иштеп жатабыз», – деди министрдин орун басары.

Каратаевдин айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттан мурда өлкөдө 473ү бар болчу, коронавирус башталганы кошумча дагы 20 даана алынган. Ал эми кычкылтек концентратору 610 болчу, кийин 109у кошумча алынган.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Анализинен коронавирус табылбай, бирок өпкөсү кагынып, оор абалга туш болгон бейтаптар күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

Дем жетпей кыйналгандарга жасалма дем алдыруучу аппарат коюлат. Бул аппараттар кычкылтек концентратору менен иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: