Кечээ, 16-августта кечки саат 8де саясий туткундар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотовго соттун өкүмү угузулду. Сот Айбек Эрнис уулу эки айыпталуучуну тең 8 жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары үй-мүлктөрүн конфискациялоо менен бирге, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлегис кылып чечим чыгарды.
Өкүмдү уккан сот залындагы эл сотко, Атамбаевге наалат айтып нааразычылыктарын билдиршити. Айбек Эрнис уулуна тескери бата беришип, “жакшылык көрбөй калсын ушул сот” деп каргашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ