“Бүгүн, 17-августта мен адвокат катары Текебаев менен жолугушуу үчүн УКМКнын абагына келсем нөөмөттөгү офицер мага “Текебаев эс алып жатат, саат 16.00дөн кийин кел” деп артка кайтарып жиберишкен. Айтылган убакытта барсам Текебаев “саат 14.00дөн тартып саат 16.00гө чейин президенттикке талапкер катары мамлекеттик тилден тест тапшырдым” дейт. Көрсө күтүүсүздөн Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын кызматкери келип, Текебаевден тест алыптыр да тесттин жыйынтыктарын конвертке салып алып кетиптир. Кийин билсек Текебаев 93, 75 балл алыптыр.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ