Усть-Каменогорск шаарындагы “Новая Жизнь” Евангелие христиандар чиркөөсүнүн” пастору Виталий Затолокин диний мыйзамдарды бузууга айыпталып, административдик жоопкерчиликке тартылууда. Диний бирикменин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулушу ыктымал.
Чиркөөнүн юристи Мадина Намдын айтымында, пастор эс алуу базаларынын бириндеги кечеде диний ыр ырдаган деген арыздын негизинде жоопкерчиликке тартылууда.
“Кудай, Эгем деген ырды диний бирикменин мүчөлөрү эмес, белгисиз бир ырчы ырдаптыр. Ырда мына ушундай эки сөз бар экен, эми ал үчүн бүтүндөй бирикмени күнөөлөп жатышат. Дем алуучулар тобунда ар түрдүү, атүгүл диндар эмес адамдар дагы болгон. Полициячылар ырды ким ырдаганын аныктап, ырчыны суракка алышкан эмес -, деди Мадина Нам.
Анын айтымында, полициячылар жана жергиликтүү аткаминерлер протоколду чиркөөнүн төрагасы катары Виталий Затолокиндин үстүнөн толтурушкан. Ал эс алуу базасында болгонун, бирок кечеге катышпаганын билдирүүдө.
Бул ушул аптада диний кызматкерди (пастор) диний мыйзамдарды бузду деп айыптаган экинчи окуя. 14-августта Жамбыл облусунда айылдан 20 чакырым алыс жайгашкан тоого барып сыйынгандыгы үчүн чиркөө кызматкери Владимир Воронцовдун үстүнөн сот иши башталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ