Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын өлкөнүн ири инвесторлору менен өз ара аракеттенүү маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировдун катышуусунда инвесторлор менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү, – деп Өкмөттүн бама сөз кызматы маалымдайт.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ири инвесторлорду тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек.

«Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу маселеси Өкмөттүн ишиндеги маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык абалын кыйла жакшыртууга болот», – деп белгиледи Премьер-министр жана укук коргоо органдары экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү көрсөткүчтөрүн кубалап, ишкер чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирбеши зарылдыгын кошумчалады.

«Коррупцияга каршы жарыяланган күрөш көрүнүктүү натыйжаларын берүүдө жана ушул темпте улантылышы керек. Буга катар инвесторлорго да көмөктөшүп, колдоо көрсөтүү зарыл. Тартылган инвестицияларга жараша өлкөдө жаңы ишканалар ачылып, жумушчу орундар түзүлүп, салык төлөмдөрүнүн көлөмү жогорулоодо», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ири инвесторлорго карата кылмыш иштерин тергөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну жана тергөө чараларын жүргүзүүдө акыйкаттык жана бейтараптуулукту камсыздоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: