Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев областтын арабасын анчейин тарта албай жатканы жергиликтүү тургундар тарабынан айтылууда. Аткаруу бийлигиндеги жалпы иштердин баарысын орунбасары Замир Моңолдоров чечип, ал кишинин арты менен иш жүрүп жаткан экен. Анысы да жардамын жөн бербей, ушундан көрө губернатор өзүм болсом жарашмак таризинде иштеген ишин колко кылып жүрөт дейт. Экөөлөп иштесе да мурдагы Акибаевдин бармагына да тең келбей калышты. Уят эле…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ