Menu

Кайра эле базаркомдор келеби?

Бөлүшүү:

Эртең эле парламенттик шайлоо өтүп, кайра эле баягы базаркомдор, капчыгы томпойгон сабатсыздар депутат болуп калабы деген кооптонуулар бар. Маселен, Украинанын президенти В. Зеленский болсо мурдагы, азыркы учурда депутат болуп отургандарды кийинки шайлоонун тизмесине кирбесин деген демилге көтөрдү эле эли дүркүрөтө кол чаап коштоп жиберди. Көрсө бардыгы бийликке келген президентке байланыштуу болот турбайбы?

Атаганат, бүгүнкү күндө депутат болом деп кайкып учкан жагалмайдай көктө сызгандар өзүнүн атаандаштарын чукулатып, капталдан соктуруп, аркасынан чапчытып, жамандатып жатышканын байкоого алдык. Ар бир региондун тың чыкмалары түркүн ыкманы колдонуп, теребелге саресеп салып оңдонуп, акылын пештеп толгонуп, кантип марага жетем деп ойлонуп жаткан кези. Арийне, кембагалдар эмес, капчыктуулар ошентип айга тишин өгөлөп турган учуру. Айтор, майлибайлар, келдибайлардын заманы сүрүп калганы абдан опурталдуу болуп турат. Билими зорлор, акылы ашынгандар, мекенчилдер аларга теңелүүгө шансы жок. Анткени шайлоочулардын аң-сезиминде өлкөнүн эртеңкиси эмес акчанын сүрөтү уялаганы өкүнүчтүү. Не дейли, антсе да жакшылыктан күдөр үзбөй туралы…

М. Абдыгулов

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: