Мурдагы президент улуу баласы Сейитбек Атамбаев менен жолугуша алды. Бул тууралуу А.Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев 16-январда билдирди.
Анын айтымында, абактагы экс-президент ошондой эле жубайы Раиса жана кенже уулу Кадыр менен да жолугуша алган.
«Алмазбек Шаршеновичтин ден-соолугу жакшы. Эч жери деле ооруган жок. Мен азыр 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга козголгон кылмыш ишин окуп, изилдеп жатам. Чыгарылган экспертизанын кээ бирлери менен тааныша алдым. Психиатрлык экспертиза боюнча эч нерсе айта албайм. Жыйынтыгын көрө элекмин», – дейт жактоочу.
А.Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип жатат: «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», “Киши өлтүрүүнү уюштуруу», “Киши өлтүрүү”, “Барымтага алуу”, “Мыйзамсыз курал сатып алуу”, “”Бийлик өкүлдөрүнүн өмүрүнө коркунуч туудуруу”, “Тергөө ишине баш ийбөө”.
Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча 12 киши шектелүүдө. Кылмыш иши 50 томду түзгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ