Menu

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы “Ысык-Ата” курортунун жолун тез арада оңдоону талап кылды

Бөлүшүү:

17-августта, Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы ички жолдордун абалы менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Өкмөт башчы жалпы узундугу 45 чакырымды түзгөн Ысык-Ата курортуна кеткен Красная Речка жолунун абалын көрдү. Азыркы тапта жолдун 3,5 чакырымынын үстүңкү катмарын жаңылап асфальт төштөө муктаждыгы бар. Ондоо иштерине эки айдан ашык убакыт талап кылынып, 13 млн сом каражат керектелет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Финансы министри Адылбек Касымалиевге кыска убакыт аралагында жолду оңдоого каржы булактарын табууну тапшырды.

«Жол оңдоо иштерин жүргүзүүдө өзгөчө анын  асфальт төшөөдөгү сапатына көңүл буруу зарыл. Шашылыш жасалган иштин сапатсыз бүткөнүнөн улам, эл арасында нааразылыктар пайда болуп, өлкөнүн Өкмөтүнө сөз тийбегендей болушу керек. Жумушка кылдат жоопкерчилик менен мамиле жасап, каржылык чыгашаларды максаттуу пайдалануу зарыл, каражат республикалык бюджеттен берилет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 11-августунда катуу жааган жамгырдан суунун нугу көбөйүп кеткен Нооруз дарыясынын жээгин көрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, суунун деңгээлин аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканын жана жакынкы айылдардын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу, таза сууну үзгүлтүккө учуратпоо жана көпүрө куруу үчүн иштер жасалып жатканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментине көпүрө салуу боюнча керектүү жумуштун наркын эсептеп чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: