Menu

Текебаевден 60 миң долларын ала албаган Малиев жана колдоочуларына ишенген Асанбеков

Бөлүшүү:

Темирбек Асанбеков, президенттикке талапкер:

“МЕНИН ИШЕНГЕН КОЛДООЧУЛАРЫМ БАР, АЛАР БАР МЕНЕН ИШИМ ЖЕНИЛ”

– Шайлоо фондуна төгүлчү 1 миллион сом акча, 30 миң жарандын кол тамгасын топтоо тегерегинде колдогон адамдары жок талапкер үчүн оор болушу мүмкүн. Ал эми тегерегиңде колдоочуларың болуп турса, 1 миллион сом менен 30 миң кол тамга топтош жеңил эле. Мага мисалы эч кандай маселе жараткан жок. Борбордук шайлоо комиссиясы койгон талаптардын баарын аткарууга каршы эмесмин.

Өмүрбек Бөлтүрүков, президенттикке талапкер:

“АЗЫРКЫНЫН КАЛЫГУЛ ОЛУЯСЫ МЕНМИН”

– Мен Калыгул олуя сыяктуу көрөгөч, даанышман адаммын. Бир топ жылдан бери алдыда эмне болоорун билип, билгенимди элге айтып акча таап келе жатам. Көбүнчө чет өлкөлүктөр менен иштешем. Алар мага кайрылып, “бизде абал мындай болуп жатат, келечекте кандай болот?” – деп сурашат. Мен аларга аналитикалык макала катары алдыда күтүлүп жаткан окуяны жазып берем. Ошентип жүрүп бир миллион сомду эбак эле таап койгом. Жакынкы күндөрү чет мамлекеттен дагы акча келет. Аны үтүт иштерине жумшайм. Кыскасы мага бир миллион сом менен 30 миң колду топтош маселе эмес.

Арсланбек Малиев, президенттикке талапкер:

“ТЕКЕБАЕВ 60 МИҢ ДОЛЛАРДЫ БЕРГЕН ЖОК, ИШ СОТТО”

– Менде эч маселе жок. Учурда жарандардан кол топтоп жатам. Бир гана нерсе, акчалуулар добушту сатып алуу жолу менен шайлоодо жеңип чыгабы деген ой болуп жатат. Билесиңер да, Өмүрбек Текебаев мага 60 миң доллар бересе болчу. Ошол акчаны “Ата Мекендин” лидери мага берген жок. Ал боюнча Текебаевди сотко бергем.

Мукар Чолпонбаев, президенттикке талапкер:

“КАРАЖАТЫ ЖОКТОРДУН ТАЛАПКЕР БОЛГОНУНА ТАҢ КАЛАМ”

– Шайлоо фондуна төгө турчу каражатым жетиштүү. Учурда кол топтоо иштери менен алектенип жатам. Жакынкы күндөрү топтолгон кол тамгаларды Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырам. Кээ бир талапкерлер апендидей болуп “Шайлоо фондуна төккөнгө каражатым жок, банктан насыя алып жатам” – деп жүрүшөт. Каражаты жок алар кантип талапкер болуп жатышкандарына таң калам.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: