Шайлоого жакын президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган Калыкбек Султанов КСДПнын атынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкектеги штабынын жетекчиси болуп дайындалды. Султанов бир жылдан ашык убакыт кеңешчилик кызматты аркалады. Эми шайлоодо Бишкектин добушун Жээнбековго оодарып бере алса, борбор калаага мэр болуп калуу убадасы берилгени айтылууда. Ал эми мэр Албек Ибраимов премьер-министр кызматын ээлеп калышы ыктымал болуп турат. Азыркы тапта соодалашуу иштери жүрүүдө…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ