Menu

Видео – БШК мүчөлөрү ортосунда ажырым пайда болду

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү алардын укугу тебеленип жатканын айтып чыгышты. Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева кечээ маалымат жыйын куруп, алардын пикири эске алынбай жатканын айтып, бул тууралуу коомчулукка, парламентте кайрылуу жолдошту.

Атыр Абдрахматова таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлбөй жатканын белгиледи:

– Жыйын болорун 15 мүнөт калганда айтышат. Күн тартиби белгисиз. Мыйзам боюнча, талкуулана турган маселенин материалдарын биз алдын ала алып, мыйзамдарды талдап, даярданышыбыз керек. Маалыматыбыз жок болгондуктан мыйзамды бузуп албайлы деп кээде айласыздан каршы добуш беребиз. Менин сунуштарым добушка коюлбайт. Мыйзам боюнча БШК жетекчиси менен мүчөлөрдүн укугу бирдей. Биз шайлоо процессин уюштуруп гана беришибиз керек. А бизге уюштурганга да, иш алып барганга да шарт түзүлбөй, тескерисинче, чек коюлууда, жада калса каралап жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйыны үзгүлтүккө учураган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиянын айрым мүчөлөрү ишке атайын тоскоолдук жаратып жатат деп эсептейт. Шайлдабекова аларды президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгын коргогондор деп атады:

– Үгүт иштери боюнча мыйзам бузуулар жөнүндө маселе каралмак. Мисалы, талапкер Бабановго карата. Башка да маселелер бар болчу. Менимче, булар атайын эле, бул маселелер каралбасын деген максатта биздин отурумду болтурбай коюшту, кворум кылбай.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: