Menu

Орзубек Назаровдун кызынын абалы оор

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында мотоциклдин катышуусундагы жол кырсыктан 22 жаштагы мотоциклист каза болуп, анын жанындагы 17жаштагы кыз оор абалда ооруканада жатат. Жабырлануучу кыргызстандык белгилүү спортчу, дүйнөнүн жана СССРдин бир нече жолку чемпиону аталган Орзубек Назаровдун кызы Аделина Назарова экени белгилүү болду. О.Назаров социалдык түйүндөгү баракчасына оор абалдагы кызына кан зарыл болуп жатканын жарыялады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, жабырлануучу кыздын абалы өтө оор, учурда комада. Окуя тууралуу: Жол кырсык 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде «Сузуки» үлгүсүндөгү мотоцикл менен «Тойота Пассо» унаасынын катышуусунда болгон. Мотоциклди башкарып бара жаткан 22 жаштагы К.В. оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде каза болуп, анын жанындагы Аделина Назарова оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле «Тойота» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: