Menu

Видео – Азизбек Турсунбаев: “Ала-Букада бир нече мектеп жана оорукананын курулушу башталып, бирок бүтпөй жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Букада бир нече мектеп жана оорукананын курулушу башталып, бирок бүтпөй жатканын айтып өттү.

“Ушул мен Ала-Бука районундагы орчундуу үч маселеге токтолуп кетейин деп жатам.
Биринчи маселе: Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагына караштуу Жаңы Шаар орто мектеби авариялык абалда болчу. 2016-жылы март айында мектептин жанына 150 орундуу 42 441 000 сомдук жаңы мектептин курулушу башталган . Бирок бүгүнкү күнгө чейин 23 370 000 сом гана которулуп, мектептин чатырлары жабылбай оор абалда турат. Ошонун каржылоо жагын көңүл буруп койсоңуз.

Экинчи маселе: Ошол эле 1-Май айыл аймагында жайгашкан Ажек айылындагы №20 орто мектеби. Быйыл өкмөт Республикалык бюджетке киргизилген, тендер өткөн, 87 295 000 сомдук долбоор. Бул дагы каржы маселеси чечилбей токтоп турат.

Үчүнчү маселе: Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы айылдык оорукананын курулушу. Ал жерде да тендер өткөн. Президент Сооронбай Шарипович премьер мезгилинде барып өзү тапшырма берген. Долбоор ишке ашырылышы керек эле. Бүгүнкү күндө ал дагы бир тыйын которулбастан ал маселе дагы чечилбей турат. Өкмөттөр жыйынында ушу маселени коюп, каржылоо маселесин тездетип бериңиздер”, – деди депутат Азизбек Турсунбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: