Төлгөсү төп келген, айткандары орундалган, салган төлгөсү көп кишини ойго салып чочулатып жаткан Света айым менен бу сапар көптөрдүн көңүл борборундагы маселеге айланган ажонун ден соолугу, Текебаевдин ишмердүүлүгү не болот деген суроо менен кайрылып, сурообузга жооп алдык.
– Зарылбек Рысалиевде эмнегедир санааркоо менен кыжаалатчылык көп. Таасирдүү кызматтардын бирине келсем деген ою тынчтык бербей жатат. Бирок ал максатына жетиш үчүн ага өтө көп күч жана жардам керек. Ал нерселер бул адамда азырынча жок, кийин деле болушу күмөн. Рысалиевди ортодо көкүтүп бузган адамдар бар. Анын жашоосунда өзгөрүү болуп, тагдыры өзгөргөнү турат.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ