Menu

Сапар Исаковдун премьер-министр болушун ким колдойт?

Бөлүшүү:

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Сапар Исаков премьер-министр болуп калса өтө жакшы болмок. Анткени жаш, идеяга бай, жакшы идеялар менен ишти алып бармак. Буга чейин жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеди. Артынан жаман сөз ээрчиткен жок, жакшы иштеп келе жатканын көрүп жүрөбүз. Сапардын премьер-министр болушун колдойм.

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:

-Коомчулуктун күткөн каалоолорунун бири – бул бийлик бутагында кан алмашып, жаштардын мамлекеттик кызматка келиши. Жашоо шарт, талап өзгөргөн сайын муун алмашат. Азыр коммуникациянын, заманбап жашоонун шарты. Атамбаевдин президенттик учурундагы жетишкендиктердин бири – бул жаштардын бийликке келиши. Эгерде Сапар Исаковдун айланасында сөз кыла турган болсок, бул жигит мыкты аппарат кызматкери эле эмес, уюштуруу жөндөмү күчтүү экенин президенттин тышкы саясатын тейлегенин, Көчмөндөр оюнун уюштурганынан билдик. Азыркы “Таза коом” демилгеси да колдоого алаарлык. Премьер-министр катары иштеп кете алат. Кызматтык тепкичтерден өттү.

Наргиза Мансурова, журналист:

-Сапар Исаков же Албек Ибраимов өкмөт башчылыкка келиши мүмкүн деген кеп жазында эле айтыла баштаганда, мен экөөнүн ичинен Сапар Жумакадыровичти колдогон пикиримди билдирген элем. Анткени жеке менин гана эмес, көпчүлүк элдин пикиринде премьер-министр кызматында жаш, энергиялуу, идеялары ашып-ташкан, ара жолдон чарчап кетип айныбаган, өкмөттүн ишин катуу көзөмөлдөп, мамлекеттин ишин алдыга сүрөгөн, экономиканы тез арада көтөргөн мамлекеттик кызматта тажрыйбалуу адам керек. Сапар Исаков болсо, мындан тышкары дипломатиялык билими менен жөндөмүн дагы колдонуп, чет элдик жетекчилер жана инвесторлор
менен тең ата сүйлөшүп, президенттик аппаратта деле бир топ пайдалуу иш бүтүргөн. Жаш келсе – ишке дегендей, мен Исаковдун өкмөт башчылыкка келишин колдойм. Ал биздин ага болгон ишеничти актайт деп ойлойм.

Жолдошбек Бузурманкулов, милициянын полковниги:

-Сапар Исаков саясатта көө жуга элек жигит. Премьер-министрдин кызматын жакшынакай эле алып кетет. Жаш, демилгелүү, креативдүү кызматкер, дагы мүмкүнчүлүк менен ишеним артуу керек. Адатыбызча ушул таза балага да жампа жаппайлычы. Күндөн кара так издебейличи!

Искендер Шаршеев, экономист:

– Ыраматалык Медет Чоконович Садыркулов убагында жаш адистерди мамлекеттик жогорку кызматтарга тартуу боюнча көп аракеттерди жасаган. Ошол жаш кадрлардын арасында Сапар Исаков да бар эле. Медет Садыркулов алдыны көрүп, туя билген көрөгөч адам болчу. Ал тандап, жогорку кызматтарга дайындаган кадрлар жаман болгон жок. Көптөрү жакшы иштеп, мамлекетти алга сүрөп жүрүшөт. Мына ошолордун бири Сапар Исаков. Андыктан Сапарды премьер-министр кылып дайындоо эң туура чечим болот.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: