Боршайкомдун расмий сайты Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 21-августуна карата маалыматын жарыялады.
Ага ылайык, шайлоо фондунда эң эле көп каражаты бар, жана эң эле көп сарптаган талапкер Өмүрбек Бабанов. Анын фондуна 32 млн. сом каражат түшсө анын 23 846 634 сому сарпталган.
Экинчи орунда турган Темир Сариев 6, 5 млн. сом каражатты фондуна салса, анын 6 173 052 сомун чыгымдаган.
Талапкер Малиевдин фондунда 3 457 797 сом бар. Ал 4 259 800 сом салып, анын 802 003 сомун коротууга жетишкен.
Ал эми фондунда эң эле аз акчасы бар талапкер бул Замира Муратбекова. Ал фондуна 391 сом салып бир дагы сомун чыгымдай элек.
Толук тизмени бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ