Өзүн абдан маданияттуу көргөзүүнү айрым адамдар эми түшүнө баштаптыр. Бирок, эбак эле эдиреңдеп атып кадырына ушатып салганын унутуп койгондой…
Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков телеканалдардын биринде маек берип жатып, “Мен чиновникке “чык эшикке” деп айтканым үчүн кыжалат болдум, антип айтпашым керек эле. Ал отурумда биздин өлкөдө ушул жылы болгон өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу көйгөйлөр каралып жаткан. Каражат бөлүнүп, чечиле турган көйгөйлөр чечилбей жатканы ачуумду келтирди”,- деп жалооруду. Иш жөнү мындай, 20-июнда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду жыйындар залынын “Эу, чык эшикке”- деп кууп чыккан болчу. Эми ушинтип “өкүнгөнүмдү баса белгилеп койсом эле этикага жатпаган кылыгым элдин эсинен жуулуп кетет”- деп жатабы? Премьер кезинде кабинеттен кууп чыгып аткан эргул, президент болсо элдин баарын өлкөдөн кууп чыкпайбы?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ