“Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай берет буйрукту”,- демекчи, былтыр “мыйзамдуу” өткөрүлгөн референдумда ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген премьер-министрдин ордун ээлөөнү каалагандар өтө көп болчу. Ал тургай президент А.Атамбаевдин “эрке баласы” С. Исаков бул жарым хан тактыга эбак эле “кудаланып” да калган. Бирок ырыскысын ашыкча колдонуп койгон жигиттин карьерасы чагылгандай жалп өчкөнү турат… Бирок ошол эле учурда “Бирөө өлбөсө, бирөөгө күн жок” дегендей, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Мухамметкалый Абулгазиев дайындалды. Ошентип эч кандай саясаттын сасык оюндарына аралашпаган, өз ишин мыкты билген, көп жылдар боюу республиканын Социалдык фондун мыкты башкарган, тыкан кийинип, тыкылдата баскан, оор басырыктуу жигит өкмөт башчылык креслону басып жыгылды. Балким, президент аны дайындоодо Нарындын кулуну экендигин, шайлоодо тенир-тоолуктардын көңүлүн алуу учун ушул кадрга токтолгондур. Бирок аты эң узун Мухамметкалый мырза мындан ары күзгүгө каранып эле отура бербей, мурдагы шефинин жолун улап, жер көчкү, сел жүргөн аймактарды кыдырып, баткак кечүүгө да туура келет. Анткен менен узун кулактар менен билермандар өкмөттү башкарууну А.Атамбаев көздөй кадры, Бишкек мэри А. Ибраимовго берет деген да имиштер Ак үйдү айланчыктап жүрөт.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ