Menu

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясына даярдыктар боюнча Жогорку Кеңеш Аппаратынын жыйыны болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-августта Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында Аппараттын жыйыны болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалыймдайт.

С.Касмамбетов бүгүн КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун атына КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунушу келип түшкөндүгүн маалымдады. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, үч күндүн ичинде парламенттин кезексиз сессиясын чакырууга тийиш. Ошентип, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 2017-жылдын 25-августунда боло тургандыгы белгиленди.

Ошону менен катар Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары КР Конституциясынын 84 жана 87-беренелерине ылайык Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясы 25 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди аныкташы зарыл экенин кошумчалады. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн күндөн тартып, талапкер 7 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна КР Өкмөтүнүн түзүмүнүн жана курамынын жана программасынын долбоорун сунушташы керек.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен тармактык комитеттердин бөлүмдөрүнө Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын өткөрүүгө даярдануу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, ачылышы 4-сентябрда боло турган Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясына карата Аппараттын даярдыктарына байланыштуу маселелер талкууланды. Жыйындын катышуучулары парламенттин 6-7-сентябрь күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорун карашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: