Быйыл Бишкектин четиндеги жаңы конуштарга 300 млн. сомдон ашуун акча сарпталган. 2017-жылы Бишкек шаарынын бюджетинен жаңы конуштарды өнүктүрүүгө 291 млн. 300 миң сом бөлүнгөн. Ал эми мамлекеттик бюджеттен 65 млн. сом берилген. Бул акча эл жыш жайгашкан жаңы конуштарга мектеп, бала бакча курууга жана суу түтүктөрүн киргизүүгө сарпталган.
Ошол эле учурда элүүгө жакын жаңы конушта чечилбеген көйгөйлөр өтө көп экени айтылып жүрөт. Жаңы окуу жылы башталып, мектеп, бала бакчага балдар батпай, жолдору түзөлбөй, сууга жетишпейт. Айтор, жаралуу жаңы конуштардын көйгөйү жакында бүтпөчүдөй.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ