Menu

Ондогон жүргүнчүлөр Ашхабад-Стамбул каттамына кое берилген жок

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Ашхабаддан Стамбулга сапар алган кеминде 20дай киши аэропорттон өткөрүлгөн эмес.

Аэропорттун миграциялык кызматынын өкүлдөрү эч бир түшүндүрмө бербестен, каттамдан калтырылган жүргүнчүлөрдү үйлөрүнө жөнөткөн. WhatsApp аркылуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына келген маалымат боюнча алардын билет чыгымдары төлөнүп берилген эмес.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул маалыматты тактай алган жок.

Жүргүнчүлөрдү орто жолдон артка кайтаруу учуру биринчи жолу болуп жаткан жок. Августтун ортосунда Стамбулга жол алган бир нече киши Ашхабад аэропортунда суракка алынган. Жүргүнчүлөрдүн банк карталары текшерилип, эгер чет өлкөдө карталарынан акча алышса, жоопкерчиликке тартылышары эскертилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: