Menu

6 миллиард сомдун отчётун бере албай кызматтан алынган Жантөрө Сатыбалдиев жанданды…

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаевдин көңүлүнө жагып президенттик аппараттын башчысы, кийин өкмөт башчы болгон Жантөрө Сатыбалдиев президенттик шайлоодон кийин өзүнүн саясий активдүүлүгүн күчөтөөрүн жар салды. Өкмөт башчысы болуп турганда Ош, Жалал-Абад дирекциясын башкарып турган учурундагы кумга сиңген суудай жиги билинбей кеткен 6 миллиард сомдун отчётун бере албай кызматтан алынып, ошол бойдон саясий чөйрөдөн караанын көргөзгөн эмес. Кокус ооз ачып бир нерсе десем, кылмыш ишин козгоп камап койбосун деген сактык менен чээнге киргендей дымыган. Президенттик шайлоого катышууну эңсеп турса да, куйругундагы калбырдан чочулап шүк отурган. Бирок биротоло критке кетип калуудан корктубу, президенттикке талапкер болууну каалабай турганын, бирок өзүн ынандырган талапкерди колдоорун айтып, үн катты. Минтип жанданганына караганда, президент болчу талапкер менен ич ара тил табышкан окшойт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: