Menu

Видео – Мамдума чет элдик ММКларды чет элдик агенттерге теңөөнү сунуштоодо

Бөлүшүү:

Мамлекеттик Дума Орусияда иштеген чет элдик ММКларды чет элдик агенттерге теңөө мүмкүнчүлүгүн Юстиция министрлигине берүү маселесин кароодо. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын төрага орун басары Петр Толстой билдирди.

Толстойдун айтымында, мындан ары башка мамлекеттерде каттоодо турган же каржыланган ММКлар чет элдик агент катары таанылышы ыктымал. Бул учурда алар мыйзам боюнча чыгарган продукцияларына атайын белги коюуга тийиш.

Кайсы ММКлар чет элдик агент катары каттоодон өтөрүн Юстиция министрлиги чечет. Баш тарткандар Орусияда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн айрылат, деп кошумчалады Толстой.

Орусиядагы Адам укуктары боюнча кеңеш чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү “кансыз согуш режиминдеги” ашкере жооп катары сыпаттады.

Өзгөртүүлөр Мамдума тарабынан бүгүн, 15-ноябрда кабыл алынышы мүмкүн. Долбоорду Маалыматтык саясат комитети жактырды.

Буга чейин АКШда Орусия тарабынан каржыланган RT телеканалы чет элдик агент катары каттоого алынган. АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттардагы чет элдик агент жөнүндөгү мыйзам сөз эркиндигин чектебей турганын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: