Menu

ИИМдин криминалдык милиция кызматкерлери Чүй облусундагы ишкерди опузалап талап кылган жергиликтүү тургундарды кармашты

Бөлүшүү:

2018-жылдын 10-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматына Чүй облусундагы жеке ишкер арыз менен кайрылып, Токмок шаарында жайгашкан базардагы дүкөнүнө белгисиз жарандар келишип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары өздөрүн тааныштырышып, физикалык күч колдонуу менен коркутушуп, алар тараптан “коргоого” алынаары жөнүндөгү шылтоо менен 2017-жылдын күзүндө акча каражатын алышып, азыркы учурга чейин опузалап талап кылып жүрүшкөндүгүн билдирген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Жогорудагы факты боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин (опузалоо) негизинде кылмыш ишин козгошкон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектелгендердин өздүгү такталып, кармалышкан. Алар Чүй облусунун 1987-жылы туулган У.М. жана мурда соттолгон 1993-жылы туулган Б.М. аттуулар болуп чыкты. Кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Кармалгандар Бишкек шаарында жайгашкан №1 тергөө абагына киргизилишип, иликтөө иштери уланууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: