Menu

Мухамметкалый Абулгазиев: Түркия тарабынан Дача Су айылындагы авиа кырсыктын чыгымдарын мамлекетке төлөп берүү маселеси жакын арада чечилет

Бөлүшүү:

Түркия тарабынан Дача Су айылындагы авиа кырсыктын чыгымдарын мамлекетке төлөп берүү маселеси жакын арада чечилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу  Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 16-январында «ACT Airlines» компаниясына тиешелүү болгон «Боинг-747» учагынын кыйрашынан улам Түркия тарабынан Дача Су айылындагы авиа кырсыктын чыгымдарын мамлекетке төлөп берүү маселеси боюнча, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Ведомстволор аралык топ жана Өкмөттүк комиссия жабыркагандарга чоң жардам көрсөттү. Көпчүлүк жарандардын кыйроодон кийин турак жайы жана документтери жок калган. Документин жоготкон жарандардын бардыгына жаңы паспорттор, орто мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестаттар, айдоочулук күбөлүктөр, үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүктөр жана башка документтердин бардыгы берилди. Каза болгондордун туугандары өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилди. Мындан дагы башка маселелер да болгон. Үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер да болгондуктан, алар документ иштеринин убагында бүткөрүүнүн кечеңдешине алып келди. Бирок ага карабастан чечүүгө тийиш болгон маселелердин бардыгы ишке ашты. Ыкчам түрдө медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлдү. Мындан сырткары «ACT Airlines»  компаниясы тарабынан жабыркагандардын 34 тууганы Түркия Республикасынын Анталия шаарында эс алып, реабилитациялык дарылануудан өтүп келишти», — деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Түркия тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өкмөттүк комиссия жетишилген чечимдер боюнча коомчулукка толук маалымат берип, атайын маалымат жыйынын уюштурат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: