Menu

“Президент жана Бомж – 3” Бозымчакта тартылабы?

Бөлүшүү:

Элге кеңири белгилүү “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү” тасмаларынын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков өзүнүн жаңы тартылган “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү жана “Миллионердин сүйүүсү” көркөм тасмаларын Ала-Букадагы “Бозымчак” кенинин жумушчуларына жана кызматкерлерине тартуулады.

Кенчилер тасмаларды зор ынтаа менен көрүштү. Аягында эл фильмдин жаратуучусу Төлөбековго суроолорду жаадырышып, узакка маектешишти. Көрүүчүлөр “Президент жана бомж” кантип тартылганына, автордун жаңы тасмаларынын жаралыш таржымалына, алдыдагы максаттарына кызыгышты.

Кенчилердин: “Бизди, биздин кен комбинатты киного тартсаңыз жакшы болот эле” деген суроосуна Төлөбеков: “Жакында “Президент жана бомж-Зтү” тартсак деп турабыз. Сиздердин кенден келип кызыктуу эпизод тартуу тууралуу ой келди”- деди.

“Кино жаратуучу менен элдин кызыктуу жолугушуусу болду. Өзгөчө кенчилерге кыргыздын жаңы кинолорун анын автору менен кошо көрүп, аларды талкуулоо абдан таасирлүү жана жандуу өттү. Алар бир топ күнгө дейре кинону өздөрүнчө талдашып, чоң канааттануу алышты. Биз мындай иш чараларды алдыда дагы улантмакчыбыз”,- дейт кендин коомчулук менен иштешүү башкармалыгынын кызматкери Бахтияр Шаматов.

“Илгери, Советтик кезде жазуучулар, маданий ишмерлер эл менен жолугушчу эле. Ал жакшы салт катаал базар мамилеси киргени тутулуп кеткен. “Бозымчак” кенинин акимчилиги мага мындай сунуш киргизгенде чыны кызыктым. Бишкектен жолдун алыстыгына карабай ат арытып барып, эл менен, көрүүчүлөр менен кошо отуруп кинону талкуулоо, карапайым жана башкы көрүүчүлөрдун ысык пикирин угуу мага зор канааттануу тартуулап, канат байлатты,”- дейт кино продюсер Өмүрзак Төлөбеков.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: