Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: «Акыркы 6 жылда өлкөдө өнүгүү да, реформа да болгон жок”

Бөлүшүү:

Сапар Жумакадырович, силер чириген системанын улантуучусу болуп калбасаңар эле болду, сиз өз сөзүңүздө акыркы 6 жылдагы сурамжылоолордо эл өлкөгө токтоосуз реформалар керек деп билдирип жатканын айттыңыз. Демек акыркы 6 жылда өлкөдө өнүгүү да, реформа да болгон жок, бул ошонун далили. Ошондуктан эл реформаларды талап кылып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 25-августта парламенттин кезексиз сессиясында депутат Жанар Акаев премьер-министрликке талапкер Сапар Исаковго суроо берип жатып.

“Өнүгүү болуп жатат, ВВП көбөйдү, айлыктар көбөйүп жатат”, – деп жооп берди Сапар Исаков. Бирок Ички дүң продукция же айлыктар канчадан канчага көбөйгөнүн так сандар менен айтып бере албады.

“Шайлоо жакындаган сайын уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү түрмөлөрдөн эркиндикке биринин артынан бири чыгарылып жатат, сиздин уюшкан кылмыштуулукка каршы кандай пландарыңыз бар?” – деп сурады Жанар Акаев.

“Бул сурооңузга Ички иштер министри Улан Исраилов жооп берсинчи”, – деди Сапар Исаков. Бирок ИИМ министри Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча алгылыктуу жооп бере алган жок.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: