Menu

Өмүрбек Бабанов: “Милициянын 7-жана 10-башкармалыгы артыбыздан ээрчип, аңдып жүрөт, биз эмне террорист белек?”

Бөлүшүү:

“Биз азыр тарыхый учурда турабыз, бир жарым айдан кийин президенттик шайлоо болот. Мен бир нерсеге өкмөттүн мүчөлөрүнүн көңүлүн бургум келет, өзгөчө Ички иштер министринин көңүлүн буруп кетким келет. Жана биздин бир коллега айтты: “Эмне үчүн “Республика-Ата-Журт” партиясынын депутаттары “адмнистративдик ресурс” деп эле суроо берип жатат?” деп. Мен бийликтеги социал-демократтар партиясына кайрылып кетет элем, силер деле оппозицияда болгонсуңар, азыр административдик ресурс толук кандуу колдонулуп жатат. Милициянын 7-башкармалыгы менен 10-башкармалыгынын кызматкерлери аркабыздан ээрчип аңдып жүрөт. Алар бюджеттен каржыланат. Эмне бүгүнкү президенттикке талапкерлер же талапкерлердин өкүлдөрү эмне террористпи? Же укук коргоо органдарынын башка жасай турган иши жокпу? Видео түрүндө, фото түрүндө мен бул фактыларды тиркеп, силерге арыз жазып берем. Мен ойлойм, буга карата Ички иштер министри чара көрүш керек деп”, – деп билдирди “Республика-Ата-Журт”  фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: