“Мен жаңы өкмөт биз баштаган жолду улап кетээрине ишенем”, – деди Атамбаев бүгүн, 28-августта Өзгөн районунда селден жабыркагандар менен жолугушуп жатып.
“Менин убактым 1-декабрга чейин. Мен кызматтан кеткенден кийин, менин досум президент болуп калышы мүмкүн. Өзүңөр билгендей, мен тарбиялаган жаш жигит Премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жолду улап кетээрине жана мен бүтүрө албай калган жумуштарды бүтүрөөрүнө ишенем”, – деп кошумчалады ал.
Мамлекет башчы мурун келбегендиги үчүн элден кечирим да сурады. “Мен эрте келе алган жокмун, силер капа болбогула. Мен ойлогом, акыркы жылда жумуш азыраак болот экен деп, бирок тескерисинче көп болду. Бирок мен жума сайын премьер менен жолугуп кабар алып турдум. Мен биринчи жардам чогултуп андан кийин келүүнү чечтим”, – деди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ