“Башкы мал доктур” келсе, койдой жайылып кетишти
Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргызстандагы курула турган лабораториялар тууралуу маалымат берди. Бирок ал маалыматы канчалык деңгээлде ишке ашат же ашпайт маанилүү болбой калды. Дегеним, бул жыйында 120 депутаттын 16сы отурду. Мындан улам ой кетет да, же депутаттар айыл чарба, мал жандык менен жан баккан элди сыйлабайт. Же башкы мал доктурду эч ким «призновайт» этпейт. Уят да, ушундай кантип болсун? Ансыз да «120 кой» сатирасы менен саясаттын тарыхында калган бу Жогорку Кеңеш жайылып кетмейин качан токтотот?!
Булак: “Де факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ