Бүгүн, 25-майга карата Кыргызстанда дагы 30 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 9, Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 3, Жалал-Абад облусу – 2, Нарын облусунан – 5, Баткен облусунан – 1, Россиядан келген жарандардын арасынан – 8 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1433кө. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 159 адам;
– Ош облусунда — 207 адам;
– Ош шаарында — 135 адам;
– Бишкек шаарында— 365 адам;
– Нарын облусунда — 272 адам;
– Чүй облусунда — 110 адам,
– Баткен облусунда — 27 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 108 адам,
– Россиядан келген жарандардын арасынан – 36 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ