Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
«Өзбекстанда сизди боордош эки өлкөнүн ортосундагы достук жана жакшы кошуналык мамилелерди бекемдөө жана ар тараптуу өнүктүрүүнүн активдүү колдоочусу катары жакшы билишет. Мен сиздин ишмердүүлүгүңүз мындан ары жогорку мамлекеттик кызматтарда биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн, бири-биринин кызыкчылыктарын өз ара сый-урмат мамиленин негизинде кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенем», – деп жазылат куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ