Menu

Алайда ири жол кырсыгы катталды

Бөлүшүү:

26-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Алай районунун Нура айыл аймагына караштуу Тажик-Коргон тилкесинде автокырсык жүз берди. Оор жүк ташуучу ЗИЛ-130 автоунаасы менен чөп жүктөп келе жаткан “Хюндай Портер” машинеси кагылышкан. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

– Кырсыктан улам Портердин айдоочусу жана анын ичиндегилер, машинени башкарып бараткан 63 жаштагы жаран 38 жана 36 жаштагы эки баласы менен жеринде каза тапты. А ЗИЛдин айдоочусу жана анын ичиндегилер, жалпы беш киши ар кандай жаракат менен Алай райондук ооруканасына жеткирилди, – деп кошумчалады Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Соңку сааттарда окуя боюнча техникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын чыныгы себеби териштирилип жаткан чагы.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: