Menu

Жээнбаева мамлекеттик карызды көбөйтүүгө киришти

Бөлүшүү:

Өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70%га чейин жогорулатууну сунуштап чыкты. Бул маселени ЖКнын Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитети карап, Бюджет кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайык, бюджеттин таңсыктыгы ички дүң өнүмдүн 3% ашпоосу керек. Ал эми мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын деңгээли 70%дан жогору болбоого тийиш.

Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 70% учурда оптималдуу көрсөткүч экенин, лимитти жогорулатуу – бюджет мыйзамынын жакшырышына алып келип, аны эл аралык талаптарга жакындатарын айтты. Мамлекеттин жалпы карызы 4млрд 477 млн долларды чапчып, ИДПга карата 58%ды түзөт. Буга чейин тышкы карызды ИДПнын 60 пайызынан ашырбоо маселеси көтөрүлүп келген эле. Эми Жээнбаева министрлик кызматка жетери менен мамлекеттин карызын көбөйтүүгө эки жеңин түрүп киришкендей түр көрсөттү. Бул кейпи менен жыргатып деле жибербейт го.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: