Menu

Сапар Исаков балдардын жол коопсуздугун максималдуу камсыз кылууну тапшырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 30-августта, өлкөдөгү жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасынд аөкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы аталган маселе учурда Кыргызстандагы эң  курч көйгөйлөрдүн бири экенин баса белгиледи.

«Бир нече күндөн кийин миңдеген балдар мектепке барышат. Биздин негизги милдетибиз жолдо алардын коопсуздугун толук камсыз кылуу болуп саналат. Жол транспорт кыймы боюнча катталган окуялардын статистикасы жакшы эмес. Акыркы жети айда 400 мекендешибиз  жол кырсыгынан каза болду. Мындай болушу мүмкүн эмес. Был жылы жол кырсыгынан катталган өлүмдүн саны 20% кыскарганы менен, алардын саны күн сайын өсүүдө», — деди Сапар Исаков.

Жаңы окуу жылынын башталышынан улам, Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин алдына балдардын коопсуздугун максималдуу камсыз кылуу тууралуу конкреттүү тапшырма койду.

Сапар Исаков жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектептерге жакын жерлерге ички иштер органдарынын кызматкерлерин коюу зарылдыгын эскертти.

«Патрулдук кызматтын кызматкерлери ар бир мектептердин жанына туруп, жол эрежелерин бузуунун алдын алып, эскертип турушу керек. Бул абдан маанилүү болуп эсептелет», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр ошондой эле жол коопсуздугу боюнча комплекстүү реформалар системасын ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюлганын да айтып өттү.

Өкмөт башчы мамлекеттик орган жетекчилеринин алдына аталган иш чараларды планын сактоо тапшырмасын койду. Аларга опертивдүү түрдө аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Мындан сырткары Сапар Исаков Билим берүү жана или министрине Ички иштер министрлиги менен бирге мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тыгыз иш алып барууну тапшырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: