Өткөн аптада көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап атканда, КСДПчы депутат Искендер Матраимов агынан жарылып, аныгында алгылыктуу сөз айтты: «Юстиция министрлигине сунушталып жаткан Уран Ахметов тууралуу айтпай кетпесем болбойт. Өзү капа деле болбосо керек. Мына, юстиция министрлиги чындыгында аксап калды. Көптөгөн жашыруун документтер ошол жерде эмеспи. ЖКга, комитетке келгенде иш боюнча кыйналып атышат. Буга чейин «жаштар келди» деп колдоп бердим эле. Бирок ушул кадр боюнча ойлонуп, карап көрөлү…» деди. Жыйынтыгында, депутат Матраимовдун сын пикири туура кабыл алынып, бирок жаш министрге дагы бир шанс берүү менен өкмөт курамына бекитишти. Бийлик партиясынын ичинде депутат болуп туруп, адилеттүү сөздү айтканда гана өнүгүүгө барабыз да. «Биз бийликчил депутатпыз» деп эле министрлердин кемчиликтерине көз жума берсек, алдыга жылуу болмокпу? Дал ушул жагынан Искендер мырзадан үлгү алуу шарт.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ