Menu

Алмаз Атамбаев: “Менин президенттик мөөнөтүм минимум 1-декабрда бүтөт, ага чейин шайлоодо баш аламандык уюштурам дегендерди катуу жазалаганга мага убакыт жетет”

Бөлүшүү:

“Эң коркунучтуусу – шайлоолордун жыйынтыгын дескридитациялоо алдын ала даярдалып жатат.  Акыркы жумада  оппозияция деп аталган, чындыгында ээлери бар телеканалдар жана гезиттер аркылуу КСДП талапкерине жеңишти камсыз кылат деген шылтоо менен адмресурстар тууралуу тема абдан катуу кепке алынууда. Бул талашсыз факт катары берилип, ал тургай КСДП талапкери жеңишке жетишкен жагдайда массалык баш аламандыкты уюштуруу варианттары талкуулана баштады”, – деп билдирди 31-августта Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында, эгемендик күнүн белгилөө салтанатында.

“Чиновник, губернаторбу же акимби, башкы врачпы же мектеп директорубу, ал шайлоочу менен кошо  добуш берген кабинкага кошо кире албайт. Добуш берчү кабинкага шайлоочу менен кошо башка ресурс – финансылык ресурс кошо кирет. Добушун сатам дегендер  “сатуучудан”, чөнтөгү калың Президенттикке талапкерден алган акча алат. Добуш берип жаткан учурда шайлоочу менен  кошо анын капчыгында же чөнтөгүндө мына ошол акчалар кошо кирет. Шайлоочулардын добушун сатып алууга айрым талапкерлер  жүздөгөн  миллион сомдорду даярдап жатышат.  Мен добуштарды сатып алуудан  чоочулайм, дал ушул ресурстан чоочулайм  Адамдарды айыптаганга болбойт, анткени  акыркы жылдары  элдер шайлоолорго ишенбей калышты, көптөрү муну бизнеске айландырышкан. Ошондуктан  кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздерге кайрылам! Жүрөгүңөр, абийириңер кандай десе, ошондой  добуш бергиле! Добушуңарды сатпагыла! Шайлоодо сизге  добушуңуз үчүн жүз  доллар берген адам кийин өлкөдөн, Кыргызстан элинен жүз миллиондогон доллар  уурдайт. Өз добушуңарды сатып, сиздер өз өлкөңөрдүн келечегин, балдарыңардын жана неберелериңердин келечегин сатасыңар! Биз шайлоочулардын добуш берүү процесси  ачык жана адилеттүү болушун камсыз кылабыз. Бирок добуш берчү кабинада  сиз өз абийириңиз  менен жекеме-жеке болуп чечим кабыл аласыз. Жаңылбагыла! Абийириңердин үнүн уккула. Шайлоолордон кийин баш аламандыктар боюнча мындай деп айтам: Конституцияга ылайык менин ыйгарым укуктарым минимум  1-декабрда аяктайт. 1-декабрга чейин  мен Кыргызстандын Президентимин. Бул убакыттын ичинде шайлоодо өлкөнү чайкайм же баш аламандык уюштурам  деген бардык аракеттерди  катуу теске салып, уюштуруучулардыкатуу жазалаганга мага убакыт ашыгы менен жетет. Бул жолкуда эч кимге кечирим болбойт” – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: