Menu

Трамп Түндүк Кореяга каршы күч колдонуу ыктымалдыгын четке каккан жок

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Пхеньян суутек бомбасын сыноодон өткөргөндөн кийин Түндүк Кореяга карата күч колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Ал журналисттин тиешелүү суроосуна «Аны көрөбүз» деп жооп берди.

Президент Твиттердеги баракчасына АКШ Түндүк Корея менен бизнес жүргүзгөн кайсы гана өлкө болбосун, аны менен мамилелерди токтотуу ыктымалдыгын караштырып жатканын жазды.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучин Пхеньянга каршы жаңы санкциялардын топтомун алып чыгуу ниетин билдирди. Ал Fox News телеканалына берген маегинде Трампка кайрылып, президенттен Түндүк Корея менен сооданы токтотуу маселесин олуттуу карап чыгууну өтүндү.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпинь жеке жолугушуусу маалында Корей жарым аралында өзөктүк куралды жок кылуу керектигин белгилешти. Путин ошондой эле аймактагы абалды телефон аркылуу Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен дагы талкуулады. Анын жүрүшүндө тараптар Түндүк Кореянын бомбаны сыноодон өткөрүшүн айыпташты.

Мурдараак Түштүк Корея бийлиги Пхеньянды толугу менен изоляция кылуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизиши керектигин билдирген.

3-сентябрда Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган. Өлкөнүн Борбордук телеберүүсү ал континенттер аралык баллистикалык ракеталарга орнотууга арналганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: