Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 4-сентябрь күнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өттү. Соттун жүрүшүндө соттук ишке тиркелген мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен анын апасынын телефондук сүйлөшүүсү угузулду. Экөөнүн телефондук сүйлөшүүсү дээрлик 45 мүнөткө созулган. Сүйлөшүүнүн учурунда алар “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Саляноваларды да сөз кылышкан. Анда Мамбеталиева Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын узартылышына байланыштуу козголгон кылмыш ишин да айтып, “Бири Башкы прокуратурада отурду, экинчиси Юстиция министри болуп турган кезде ишке түздөн-түз таасирин тийгизишкен” – деген сөздөр айтылды. Салянова болсо бул сүйлөшүүнү ушак катары сыпаттап, актанды. Сот Кубанычбек Касымбеков телефондук аудио жазууну тиешелүү эксперттерге жөнөтөөрүн айтып, “Алар өздөрүнүн баасын берет” – деп Аида айымдын супсунун суутту.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ