Menu

Бирөөнүн үйүн тоноого аракет кылган адам кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 5-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБне шаарыбыздын тургуну арыз менен кайрылган, анда 2017-жылдын 5-сентябрь күнү, болжол менен саат 03:00 чамасында, арыз ээсинин үйүнө белгисиз адам кирип, уюлдук телефонун жана дагы башка буюмдарды уурдап кетүүгө аракет жасаган маалда, үндөрдү уккан үйдүн ээси ойгонуп, жардамга чакыра баштаган учурда, кылмышкер окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-167-беренелерине (тоноого аракет жасоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмышка шектүү адам катары, Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү маалында, аталган кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: