Menu

Сапар Исаков: Кыргызстандын тышкы саясатында Өзбекстан приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат

Бөлүшүү:

«Кыргызстандын тышкы саясатында Өзбекстан Республикасы приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-сентябрда,  Өзбекстан Республикасынын Президенти  Шавкат Мирзиеев менен  болгон жолугушууда. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы эки өлкө ортосундагы чек ара, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакалардын жакшырышына Шавкат Мирзиеевдин салымы чоң экенин баса белгиледи.

«Сиз эки тараптуу мамилелердин тарыхын өзгөрттүңүз. Биздин өлкөнүн Президенттери жогорку темптерди койду, ошондуктан аткаруу бийлик органдары ачык-айкын, аны менен бирге бардык иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу багытында иштөөгө тийиш», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, бул жолку иш сапардын жыйынтыгы эки тараптуу мамиленин жаңы тарыхына кирет.

«Кечээ биздин жарандар мамлекет башчылары ортосунда болгон  сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтүп отурушкан. Жыйынтыгын угары менен, чек арага жакын жайгашкан жана жалпы  эле бардык жарандар көздөрүнө жаш алып, кубануу менен кабыл алышты», – деди Сапар Исаков.

Мындан сырткары Өкмөт башчы кыргыз-өзбек бизнес форумунун жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 115 млн. АКШ доллары өлчөмүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишим түзүлгөнүн да кошумчалады.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Сапар Исаковду Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктап, бүгүнкү күндө эки тараптуу мамиле жогорку деңгээлге чыкканын айтып өттү.

Шавкат Мирзиеев Өзбекстан Кыргызстан менен эки тараптуу коңшулаш алакаларды жакшыртууга жана мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан сырткары Өзбекстандын башчысы чек ара тармагындагы келип чыккан маселелелерди жеринен чечип туруу үчүн, Өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрү активдүү иш алып барып, ыкчам чечимдерди кабыл алуучу керектигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Биринчи  вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов эки өлкөнүн чектеш райондорунда акимдер Кеңешин түзүү боюнча Меморандумга кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: